Гүлшайыр Садыбакасова жаңы кызматка дайындалды
6159
                                    
                                    
                                                                     Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Даңк" медалынын ээси Гүлшайыр Садыбакасова өзү жазган арыздын негизинде Ош облустук филармониясынын директору кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды. Ал маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин түштүк региону боюнча маданият тармагындагы коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
Бул туурасында Гүлшайыр Садыбакасова менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Министр жазган арызыма кол койду. 1-февралдан баштап расмий түрдө иштебей калдым. Учурда эс алып жүрөм", - деди ал.
Белгилесек, 28-январда Гүлшайыр Садыбакасова Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси кызматынан кетүү арызын жазганы маалым болгон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/10186                                    
                                
                            