Өзгөндө граната жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Видео
2293
                                    
                                    
                                                                     30-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинен ок-дарылар жана жардыруучу заттар сакталган жайды табышкан.
Коопсуздук комитетинен белгилегендей, көрүлгөн чаралардын натыйжасында 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9 мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылды.
"Табылган жана алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган издөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/12716                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            