Кыргызстан-Иран футболдук мелдешине байланыштуу Бишкектин көчөлөрү жабылат
3380
                                    
                                    
                                                                     Бүгүн, 16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо борбор азиялык CAFA турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет.
Буга байланыштуу Бишкектин эки борбордук көчөсү саат 16:00дөн тарта жабылат:
- Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
 - Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
 
Кайгуул милициясы айдоочуларды жол кыймылын алдын ала ойлонуштурууга чакырат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/12935