Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө үч айга узартылды
3225
                                    
                                    
                                                                     Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдады.
Чектөө 1-октябрга чейин узартылды.
Мурдагы чектөө 1-июлга чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынды.
Бишкектин кайсыл жерлеринде митингге чыгууга болбойт?
- "Ала-Тоо" борбордук аянты;
- Эркиндик бульвары - темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
- Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанына;
- Панфилов паркы;
- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бак;
- Жогорку Соттун алды;
- Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алды;
- УКМКнын имаратынын жанында.
Эске салсак, ар кыл нааразычылык акцияларды, митингдерди Горький сейил багында эле өткөрүүгө уруксат берилген.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/13215                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            