"XXI кылымдын тозогу". Украинадагы согуштун 39-күнү
4196
                                    
                                    
                                                                     "Би-би-синин" орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар акыркы бир күндө Украинада кандай окуялар болгонун айтып бериишти. Согуштун 39-күнү.
- Киев облусунан россиялык аскерлер кеткенден кийин көптөгөн өлүктөр табылган. Украиналык маалымат каражаттары билдиргендей, булар россиялык аскерлер өлтүрүп кеткен жөнөкөй жарандар.
- Зеленскийдин кеңсеси Киевден россиялык аскерлер чыгып кеткенден кийинки көрүнүштү "XXI кылымдын тозогу" деп атады. Владимир Зеленский Россия аскерине "киши өлтүргүчтөр, марадерлер, баш кесерлер" деген аныктама берди.
- Россиянын коргоо министрлиги Буча шаарындагы сүрөттөрдүн бардыгы атайын жасалып тартылган (постановочное фото) деп атап, россиялык аскерлер ал жерде болгон учурда бир да жөнөкөй жаран жабыркаган эмес, деп жар салды.
- РФтин коргоо министрлиги Одесса шаарына чабуул салды. Натыйжасында нефть иштетүүчү завод жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу үч жай талкаланды.
- Литва, Латвия жана Эстония Россия газын импорттоодон толугу менен баш тартты.
- Россия Киев сунуштаган тынчтык жолу менен жөнгө салуу долбоорун оозеки түрдө кабыл алды. Бирок Крым боюнча бир пикирге келе алган жокпуз, - деп Россия менен сүйлөшүүлөрдө украиналык делегациясынын жетекчиси Давид Арахамия билдирди.
- Анын айтымында, НАТОнун үч өлкөсү Украинанын Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө коопсуздугуна гарант-өлкө болуп берүүгө макулдугун беришкен. Алар Түркия, Германия жана Италия.
- Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон бул жумада Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугат. Ал Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү сурана турганы белгилүү болду.
- Германиянын коргоо министри Евробиримдиктен толугу менен россиялык газдан баш тартууну сунуштады.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/6252                                    
                                
                            
 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            