Россия Украинаны Курск аймагын миномёт менен аткылоодо деп айыптоодо
4102
                                    
                                    
                                                                     Курск облусунун губернатору Роман Старовойт украин аскерлери Курск облусундагы чек ара заставасын миномёттон аткылашты деп билдирди.
Ал белгилегендей, 9-апрелдин кечинде Глушковский районунун Елизаветовка айылына жакын жердеги чек ара заставасы аткыланган.
"Эч ким жабыркаган жок, кыйроолор болбоду", - деп РИА Новости Старовойттун сөзүнө таянып билдирди.
Губернатордун айтымында, ок атышуу аларга каршы россиялык чек арачылар жана куралдуу күчтөрүнүн аракети менен токтогон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/6320                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            