Унааларга таш кулоо коркунучу бар! Боом капчыгайында жолду сел каптады (видео)
5342
                                    
                                    
                                                                     Боом капчыгайында сел жүрдү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Түнү жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Жолдун айрым участоктору такыр жол жүрүүгө бобой калган.
Учурда Боом капчыгайында чоң унаа тыгыны пайда болду. Эл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин күтүп жатат.
Жолдон өтүп бара жаткан машиналар селден улам баткакка батып калган. Алардын үстүнө таш кулоо коркунучу бар.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://whaton.kaktus.media/7694                                    
                                
                            